АВАР ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:14, 1 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВАР ТИЛИ – Дагстан, Түндүк Осетия жана Азербайжанда жашаган аварлардын тили. Кавказ (ибери-кавказ) тилдеринин дагстан тобуна кирет. Авар тили түштүк жана түндүк диалектиге бөлүнөт. Адабий тили түштүк наречиенин негизинде калыптанып, 1928-жылы латын графикасындагы алфавити кабыл алынган. Жазмасы 1938-жылдан орус графикасынын негизинде иштелип чыккан. Авар тили - андий, цэз элдеринин жана арчиндердин улут аралык катнаш жана мектепте окутуунун тили болуп саналат. Бул тилде 800 миңден ашык адам сүйлөйт. 20-кылымдын 30-жылдарында Авар тилинин өнүгүшүнө Дагстан акыны Гамзат Цадаса олуттуу салым кошкон.