АВАР ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:32, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВАР ТИЛИ - Дагстан, Түндүк Осетия жана Азербайжанда жашаган аварлардын тили. Кавказ (ибери-кавказ) тилдеринин дагстан тобуна кирет. А.вар тили түштүк жана түндүк диалектиге бөлүнөт. Адабий тили түштүк наречиенин негизинде калыптанып, 1928-ж. латын графикасындагы алфавити кабыл алынган. Жазмасы 1938-жылдан орус графикасынын негизинде иштелип чыккан. А.өвар тили - андий, цэз элдеринин жана арчиндердин улут аралык катнаш жана мектепте окутуунун тили болуп саналат. Бул тилде 800 миңден ашык адам сүйлөйт. 20-кылымдын 30-жылдарында Авар тилинин өнүгүшүнө Дагстан акыны Гамзат Цадаса олуттуу салым кошкон.