АВАР ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:12, 14 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВАР ТИЛИ - Дагстан, Түндүк Осетия ж-а Азербайжанда жашаган аварлардын тили. Кавказ (ибери-кавказ) тилдеринин дагстан тобуна кирет. А.вар тили түштүк ж-а түндүк диалектиге бөлүнөт. Адабий тили түштүк наречиенин негизинде калыптанып, 1928-ж. латын графикасындагы алфавити кабыл алынган. Жазмасы 1938-жылдан орус графикасынын негизинде иштелип чыккан. А.өвар тили - андий, цэз элдеринин ж-а арчиндердин улут аралык катнаш ж-а мектепте окутуунун тили болуп саналат. Бул тилде 800 миңден ашык адам сүйлөйт. 20-кылымдын 30-жылдарында Авар тилинин өнүгүшүнө Дагстан акыны Гамзат Цадаса олуттуу салым кошкон.