АВАНС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 31 Июль (Теке) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВАНС (фр. avance) — материалдык баалуулук, аткарылган иш жана көрсөтүлгөн кызмат үчүн алдыда боло турган төлөм эсебинен берилүүчү акча суммасы. Аванс кредиттин өзгөчө түрү болуу менен жеткирүүчүнүн, иш аткаруучунун жана кызмат көрсөтүүчүнүн жугуртуу каражатынын көлөмүн көбөйтөт. Тышкы соода операцияларында Аванс контракттын жалпы суммасынын 10-15% ин түзөт. Контракт аткарылбаса, Аванс сөзсүз кайтарылып берилет.