АВАНЕСОВ Рубен Иванович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:14, 19 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВАНЕСОВ Рубен Иванович [1 (14). 2. 1902, Нагорный Карабах, Шуша шаары – 1. 5.1982, Москва] – орус тилчиси, СССР ИАсынын корреспондент мүчөсү (1958). СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1971). Москва фонологиялык жана лингвистикалык, география мектептерин негиздөөчүлөрдүн бири. Москва мамлекеттик университетин бүтүргөн (1925). 1944-жылдан СССР ИАнын Орус тили институтунда, ошондой эле Москва мамлекеттик университетинде эмгектенген. Тарыхый жана баяндама фонетика, фонология, орус диалектологиясы, орус тилинин тарыхы, орус орфоэпиясы менен орфографиясы боюнча илимий эмгектери бар.