АБЫСЫН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:48, 31 Июль (Теке) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБЫСЫН – ага-инилердин же бир атанын балдарынын аялдарынын бири-бирине туугандык мамилесин билдиргенден чыккан аталыш сөз. Абысындар өз ара сыйлоо, урматтоо иретинде агасынын аялын инисинин аялы «жеңе» десе, кичүүсүнүн аялына улуусунун аялы «келин» деп кайрылат. Жалпысынан алар «абысын-ажын» деп да айтылат.