АБШЫР КӨМҮР КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:40, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБШЫР КӨМҮР КЕНИ Ош облусунун Ноокат районунда, Абшыр суусунун боюнда. Кызыл-Кыя шаарынан 28 км чыгыш тарапта. Кен 1934-жылдан белгилүү. Көмүр казып алуу 1967-жылы башталган. Көмүр кабаттары юра катмарынын төмөнкү бөлүгү менен байланышкан. Структуралык түзүлүшү боюнча кен Абшыр-Карьердик, Түндүк Абшыр, Чыгыш Абшыр деп үч бөлүккө бөлүнөт. Кабаттардын орточо калыңдыгы 6,78 мден 17,90 мге чейин өзгөрөт. Сапаты боюнча көмүр ЗБ маркасына таандык, орточо күлдүүлүгү 19,48%, орточо күйүү жылуулугу 6515 ккал/кг түзөт. 1997-жылга карата Абшыр-Карьердик участогунун калган запасы 1548 миң т.