АБУ-ДАБИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:52, 17 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБУ-ДАБИ (Абу-Заби) – БАЭнин курамындагы кооз жана эң ири эмирлик. Перс булуңун бойлой 400 кмге созулуп жатат. Аянты 67,3 миң км2. Калкы 2,1 млн (2011). Негизинен ислам динин тутат. Борбору – Абу-Даби (БАЭнин да борбору). Рельефи түздүктүү. Климаты кургак. Тропиктин климаттан субтропикке өтмө. Жылдык орточо температурасы 260С. Эң суук айы – январь (180С), жылуу айы – август (340). Жылдык жаан-чачындын саны 107 мм. Жамгыр көп жааган ай – декабрь (36 мм). Майдан декабрга чейин жамгыр дээрлик жаабайт. Абу-Дабиде 19-кылымдын орто ченинен 20-кылымдын башына чейин Британиянын протектораты үстөмдүк кылган. 1961-жылдан өз алдынча административдик бирдик, 1971-жылдан БАЭнин курамында. Экономикасынын негизин нефть өндүрүшү түзөт. Нефтини экспорттоодон түшкөн кирешени киши башына бөлүштүргөндө эң жогорку көрсөткүчкө ээ. Саодият аралында 1996-жылы Эркин экономикалык зона түзүлгөндөн тарта, ал эл аралык офшордук финансы борбору. Деңиз курорту иштейт.