АБСТРАКТТУУ ИСКУССТВО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:11, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБСТРАКТТУУ ИСКУССТВО – көркөм сүрөт искусствосунун ар түркүн белгилер ж-а символдор үчүн же (байыркы солярдуу символдор ж. б.) абстракттуу формалар

(көбүнчө геом.) м-н гана жасалгалоо максатында таанымал көрүнүштөрдөн баш тартуучу түрү. А. и. алгачкы искусствонун башталышында, архаикалык маданиятта
(геом. стиль мегамекалык курулмаларда, байыркы грек ваза жазуусунда ж-а глиптикада), ошондой эле оймо-чийме жасалга чыгармачылыгында (о. кылым искусствосунда айбанаттардын абстракттуу сүрөттөрүн түшүрүү өнөрү), китеп кооздоонун айрым элементтеринде

Файл:АБСТРАКТТУУ ИСКУССТВО –56.png
Абстракттуу искусство. Ваза. Миштек маданияты. 14–16 к. Чопо, полихром жазуусу. Сүрөт галереясы (Голливуд).

(вязь, виньеткалар ж. б.) пайда болгон. Элдик ж-а балдар чыгармачылыгында ар дайым кездешет. Кээде «Абстракттуу искусство» термини абстракционизм деген мааниде колдонулат.