АБСОЛЮТТУК НЫМДУУЛУК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:10, 14 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБСОЛЮТТУК НЫМДУУЛУК – абанын 1 м3 көлөмүндөгү суу буусунун өлчөмү. Ал г/м3 менен туюнтулат; атмосферада 0,1–1,0 г/м3дан (кышкысын материктердин үстүндө, уюлдук кеңдиктерде) 30 г/м3га чейин, кээде андан жогору (экватордук зонада) болот, к. Абанын нымдуулугу.