АБСОЛЮТТУК БИЙИКТИК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБСОЛЮТТУК БИЙИКТИК абсолюттук б е л г и (геодезияда) – океандын ортоңку деңгээлинен жер бетиндеги кандайдыр бир чекитке чейин тик сызык боюнча ченелген аралык; бул нивелирлөө менен аныкталат. КМШ өлкөлөрүндө абсолюттук бийиктик Кронштадттагы (Балтика деңизи) футштоктун (бөлүкчөлөнгөн рейканын) нөл цифрасынан баштап эсептелет.