АБРАМЦЕВО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:10, 26 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АБРАМЦЕВО – Москва обл-нун Загорск ш-на жакын жердеги музей-чарбак. 18-к-да Головиндердики, 1843-жылдан Аксаковдор, 1870-жылдан С. И. Мамонтов ээлеген, 1918-жылдан музей. 18-к-дын ортосунда жыгачтан салынган чарбак үй, паркында «орус стилиндеги курулуштар (чиркөө, 1881–82-ж. б.) бар. С. Т. Аковдукуна   Н. В. Гоголь, И. С. Тургенев, М. С. Щепкин келип турушкан. 1870–90-ж. орус көркөм чыгармачыл интеллигенция турмушунун маанилүү борбору; бул жерде К. А. Коровин ж. б. иштешкен; жыгач оймолоо ж-а майолика өнөрканалары уюштурулган. А. 1977-жылдан расмий түрдө «Абрамцево» мамл. тарыхый көркөм ж-а адабий музей коругуна айланды.

К. Сарбанов.