АБРАЗИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:32, 16 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБРАЗИЯ (лат. abrasio – кыруу, жышуу) – деңизде, көлдө жана ири суу сактагычтарда толкун менен шарпылдактын таасиринен жээктердин жемирилип бузулушу. Абразиянын тездиги толкундун

Файл:АБРАЗИЯ52.png
Ж-Жар (клиф); АТ - Абразиялык тектир; АК - Аккумуляциялык кашат; СД - Суу деңгэзли.

күчүнө, жээктеги тоо тектердин курамына байланыштуу. Абразиянын натыйжасында жээкте абразиялык (жемиринди) тектир менен жар (клиф) түзүлөт. Айрым учурда жээк жемирилип отуруп кашаты тегизделип, жайык формага өтөт. Тоо тектердин абразиядан пайда болгон кесек сыныктары, кум, чопо жана башкалар толкун менен шиленип, суу түбүндөгү абразиялык жантаймалардын этегине чогулуп, аккумуляциялык кашатты пайда кылат.