АБРАЗИВДҮҮ МАТЕРИАЛДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБРАЗИВДҮҮ МАТЕРИАЛДАР абразивдер – металлдын бетин, минералдарды, тоо тектерди, айнекти ж. б. материалдарды механикалык иштетүү үчүн (кесүү, курчутуу, жылмалоо ж.б.) колдонулуучу өтө катуу заттар. Алар табигый (алмаз, корунд, чарык таш, пемза, гранит ж.б.), жасалма (электркорунд, карборунд, бор карбиди, жасалма алмаз) болуп бөлүнөт. Жасалма абразивдүү материалдардан жасалган аспаптардын мизи жука болуп, катмарлап кырып-жонууга мүмкүндүк берет. Алардын өтө катуулугу кыруу-жонуу иштерин ылдамдатып, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат.