АБИДОВ Абдыкадыр

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:58, 11 Март (Жалган куран) 2024 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБИДОВ Абдыкадыр (1965-жылы туулган , Ош облусу, Кара-Суу району, Кеңеш айылы) – техника илимдеринин доктору (2003). Машиналардын динамикасы боюнча адис, ФПИни (1990), КР УИАнын машина таануу институтунун аспирантурасын (1996) бүтүргөн. КР УИАда инженер, улук инженер, илимий кызматкер, Ош технологиялык университетинде окутуучу, «Автомобиль транспорту» кафедрасынын башчысы (2003-жылдан), КРдин инженердик академиясында башкы окумуштуу-катчы болуп иштеген (1996-2003). 40тан ашык илимий эмгеги, 1 монографиясы жарык көргөн. Илимий эмгектери негизинен өзгөрүлмө структурадагы механизмдерди жана алардын негизинде машиналарды жасоого арналган.
Эмг.: Динамика отбойного молотка с ударным механизмом переменной структуры. Б., 2001.