АБИДЖАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:12, 30 Ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБИДЖАН (Abidjan) – Кот-д Ивуар мамлекетинин башкы шаары жана порту (жылына 15 млн т жүк ташылат). Лагюн облусунун административдик борбору. Атлантика океанындагы Эбрие көл чөгүндүлөрүнүн жээгинде, Абиджан жарым аралында жайгашкан. Калкы 4,7 млн (2014, шаар айланасы менен). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Тамак-аш (консерва, кофе заводдору), нефть ажыратуу, металл иштетүү, жеңил (кездеме токуу, трикотаж, бут кийим) өнөр жайы, кеме верфи, Дакар университетинин филиалы, асем өнөр улуттук жогорку мектеби, этнографиялык музейи, улуттук китепкана иштейт. 1880–90-жылдарда француздар негиздеген. 1934-жылдан Франциянын ээлиги – Пил Сөөктүү Жээктин, 1960–83-жылдары Пил Сөөктүү Жээк Республикасынын борбору болгон. Жылуулук электр станциясы иштейт. Шаарга жакын Банко улуттук паркы жайгашкан.