АБЕЛЬ ГРУППАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:41, 22 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата imported>Жакут тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБЕЛЬ ГРУППАСЫ – кошумча түрдө коммутативдик закон аткарылган группа. Эгер группалык амал мультипликативдик ("-" - көбөйтүү) болсо, коммутативдик закон а • Ь = Ь • а деп, эгер группалык амал аддитивдүү "+" - кошуу) болсо, коммутативдик закон а + b = b + а деп жазылат. Коммутативдик законго баш ийген группа Норвегия математиги Н. Абелдин атынан коюлган. Циклдүү, эркин абелдик, локалдуу циклдүү группалар ж. б. Абель группасынын мисалы болуп эсептелет.
Ад.: Курош А Г. Теория групп. М., 1967.