АБДЫШЕВА Токтогүл

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:32, 13 Июль (Теке) 2023 карата imported>Dilde (Dilde moved page АБДЫШЕВА to АБДЫШЕВА Токтогүл) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДЫШЕВА Токтогүл (15.12.1923, Чүй обл., Панфилов р-ну, - 3. 10.2005, Чүй обл., Ысык-Ата р-ну, Люксембург айылы) - тигүүчү, Соц. Эмг. Баатыры (1971). А. 1946-жылдан Фрунзедеги трикотаж ф-касында тигүүчү-мотористка болуп иштеген. Ал норма б-ча күнүнө 2600 топ-

Файл:АБДЫШЕВА50.png

чулуктун ордуна 4000ди жасаган, «Коммунисттик эмгектин эпкиндүүсү» деген наамга татыктуу болгон (1955). Эки жылдык планды бир жылда аткарган (1970–71). Эки Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.