АБДЫЛДАЕВ Мамбет

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:22, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДЫЛДАЕВ Мамбет (1929-ж. т., Жалал-Абад обл., Токтогул р-ну, Мазар-Суу кыш.) – малчы, Соц. Эмг. Баатыры (1971). Мал чарбасынын устаты (1967). Эмгек жолун колхозчу болуудан баштап, 1954-жылдан «Токтогул» совхозунда койчу, 1960-жылдан баш чабан. 1986-жылдан ирилештирилген чабандык бригаданьн жетекчиси. Мал чарбасын өнүктүрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишкен. 1965-67-ж. ар жүз тубар койдон 130-140 козу алып, чыгашасыз асыраган. 1966-70-ж. СССР Жогорку Советинин депутаты. Эки Ленин ордени менен сыйланган.

Файл:АБДЫЛДАЕВ 242.png

34 АБДЫЛДАЕВ