АБДЫЛДАЕВ БЕКЕШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:32, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДЫЛДАЕВ Бекеш (1933 – 2013) – советтик жана кыргыз кинорежиссёру. Кыргыз Республикасынын эл артисти (2010).

Файл:Абдылдаев Бекеш.jpg
АБДЫЛДАЕВ БЕКЕШ

1957-жылы А. Н. Островский атындагы көркөм театр институтун аяктап, Ысык-Көл (мурунку Пржевальск) облустук драма театрында актёр болуп иштеген. 1959-жылдан баштап (башка маалыматтар боюнча – 1961-жыл) «Кыргызфильм» киностудиясында, негизинен даректүү тасмалар менен алектенген. Б. Абдылдаевдин дебют лентасы 1965-жылы Л. Гуревич менен бирге тарткан «Эң тил алчаак» көркөм тасмасы болуп эсептелет. «Ой жүгүртүү», «Бакча», «Проспект», «Нарын жылдыздары», «Почта», «Жер кызы», «Тартуу», «Кыргызстан коммунистеринин форуму», «Моюнга алуу» (1979) сыяктуу элүүдөн ашык киножурнал жана киноочерк, кыска жана толук метраждуу хроникалык-даректүү тасмаларды тарткан. Кыргызстан эгемендигин жарыялагандан кийин Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда сабак берген.

2013-жылдын 15-январында Бишкек шаарында каза болгон.