АБДЫКАРОВ Данияр Сатарбаевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:32, 25 Июль (Теке) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДЫКАРОВ Данияр Сатарбаевич (30. 5. 1975-жылы туулган, Ош шаары) – милициянын генерал-майору (2017). 1992-жылы КР ИИМдин Жогорку мектебин бүткөн.

Файл:АБДЫКАРОВ41.png

1994–98-жылдары Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам өкүлү, 1998–2001-жылдары КР ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгында ыкчам өкүл, 2001–16-жылдары Бишкек шаардык, Чүй, Талас облустук ички иштер башкармалыктарында, КР ИИМдин борбордук аппаратында жетекчи кызматтарда, 2016–18-жылдарда КР Ички иштер министринин орун басары болуп иштеген. 2019-жылдан «Манас» аэропортунун Авиациялык коопсуздук жана режим дирекциясынын (DABR) башчысы.