АБДЫКАЛЫКОВ Нурлан

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:31, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДЫКАЛЫКОВ Нурлан (17.8.1965, Нарын облусу, Кочкор району, Кочкор айылы – 1989, ошол эле жерде) – спортчу, бокс боюнча СССР спортунун чебери, кыргыз жигиттеринен алгачкы эл аралык класстагы спорт чебери, СССРдин (1984-86), Европанын (1985) чемпиону. КМУнун юридика факультетин бүткөн. Бокс менен 10 жашынан машыккан. Көптөгөн эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү болгон.