АБДЫКАЛЫКОВ Акымбек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:13, 25 Июль (Теке) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДЫКАЛЫКОВ Акымбек (10. 5. 1957-жылы туулган, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Кыз-Көл айылы) – курулушчу, техника илимдеринин доктору (2001), профессор (2003). ФПИни (1979), Одесса инженердик-курулуш институтунун аспирантурасын (1985) бүтүргөн. Долбоорлоо институтунда инженер, илимий кызматкер, лаборатория башчысы, окутуучу, кафедра башчысы, декан, КМКТАУда институттун директору, проректору (2001-05), 2005-жылдан ректору. 100дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 2 монографиясы бар, 10 патенттин ээси. Илимий эмгектери негизинен композициялык курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын изилдөөгө арналган. Эмг.: Моделирование и оптимизация свойств композиционных материалов (в соавторстве). Ф., 1988.