АБДУЛЛАЕВ Сайфулла Нурмухаммедович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:19, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДУЛЛАЕВ Сайфулла Нурмухаммедович (Нури Ахмад) (1959-ж. т., Ысык-Көл обл., Пржевальск ш.) – тилчи, филология илимдеринин доктору (1993), проф. (1995). Түркология, орус тили жана этнология б-ча адис, Новосибирск лингвистикалык мектебинин өкүлү. Пржевальск мамлекеттик пединституту (1980), СССР ИАнын Сибирь бөлүмүнүн тарых, филология жана философия институтунун аспирантурасын (1984) аяктаган. Пржевальск мамлекеттик пединститутунда улук окутуучу, доцент (1985–93), К. Тыныстанов атындагы ЫМУда доцент, кафедра башчысы. Негизги илимий эмгектери түрк тилдеринин синтаксистик түзүлүшүн моделдөө жана уйгур тилинин синтаксистик түзүлүшүн иликтөөгө арналган.
Эмг.: «Структурно-семантические модели простого предложения в современном уйгурском языке» Б., 1992.