АБДУЛЛА Хафиз

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:38, 11 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДУЛЛА Хафиз (чыныгы аты-жөнү – Файзуллаев Абдулла; 1869–1944) – артист, Кыргыз ССРинин эл артисти (1940), Өзбек ССРинин эл ырчысы (1943). Наманган шаарындагы шайырлар ийриминде, Чыгыш труппасында, Оштогу музыкалык драма театрында, согуш жылдарында Ташкент облусунун Янги-Юл шаардык музыкалык драма жана комедия театрында эмгектенген. «Көчө багы», «Ош шагы», «Эшпай», «Абдурахман Беги», «Баят», «Календер» жана башка ырларды аткарган. Абдулла Хафиз аткарган мукамдуу ырлары Кыргыз радиосунун фондуна жазылып алынган.