АБДРАКМАТОВ Канат

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:28, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДРАКМАТОВ Канат Ермекович (28. 12. 1953-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Кажы-Сай кыштагы) - геолог, геология-минерологиялык илимдердин доктору (1996). ФПИни бүткөн (1976). Батыш Казак суу чарба долбоорлоо институтунда (Урал шаары) улук инженер (1976–79), Кыргыз ССР ИАнын сейсмология институтунда кенже, улук илимий кызматкер (1979–88), лаборатория башчысы (1988–2005-ж.). 2005-жылдан УИАда сейсмология институтунун директору, 2022-жылдан КР улуттук илимдер Академиясынын президенти. Илимий ишинин негизги багыты плейстоцен-голоцен мезгилинин тектоникалык кыймылы, активдүү жаракалар жана палеосейсмологиялык бузулуштар, жер кабыгынын азыркы кыймылы. 106 илимий эмгектин (анын ичинде 2 монография) автору.