АБДРАИМОВ Көчкөнбай

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:24, 6 Март (Жалган куран) 2024 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДРАИМОВ Көчкөнбай (1914, Ош облусу, Сузак району, Алмалуу-Булак кыштагы – 10. 5. 1992, ошол эле жерде) – жылкычы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Ош облусунун Сузак районундагы «Алмалуу-Булак» колхозунда эмгек жолун баштаган, 1945-жылдан жылкы фермасынын башчысы.1946-жылы ал башкарган ферма 40 бээден 40 кулун, 1947-жылы 50 бээден 50 кулун алып, жылкы чарбасын өнүктүрүүдө жана анын кунардуулугун арттырууда жакшы ийгиликтерге жетишкен. Ленин ордени менен сыйланган.

Файл:АБДРАИМОВ 320.png