АБДИРАИМШАМА, Абдираим Шаматов

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:28, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДИРАИМШАМА, Абдираим Шаматов (1892-жыл, Баткен облусу, Лейлек району – 1953-жыл, Тажик Республикасынын Хожент облусу) – жазгыч жана төкмө акын. Алгачкы билимди Ак-Суудагы медреседен, 1905–1910-жылдары Хоженттин Нов шаарындагы мусулман мектебинен алган. 1913-жылы Хожент шаарындагы орус-тузем мектебин бүтүргөн. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондунда анын 1916–1929-жылдары жазган араб арибиндеги ыр дептери сакталып турат. Жаңы заман орногон алгачкы жылдарда жергиликтүү аймактагы агартуу кызматтарында жүргөндүгүнө байланыштуу аталган дептердеги ырлары окуу, тарбия иштерине арналган. Акындын эл арасына кеңири тараган санат, терме, насыят жанрындагы ырлары да арбын. Ал он эки жылдык өмүрү түрмөдө өткөнүнө, андан кийин «боштондуктагы» 8 жылдык өмүрү да тынч өтпөгөнүнө карабастан, патриоттук мүнөздөгү ырларды жараткан акындардын бири болгон.

Б.Кебекова.