АББАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:27, 21 Июль (Теке) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АББАТ (лат. abbas, арамейче «аЬЬо» – ата) – батыш европалык христианчылыкта католик монастырынын, аббатчылыктын башчысынын титулу (аялдар монастырынын башчысы – аббатиса). Алгачкы орто кылымда Аббаттардын кыйласы ири феодалдарга айланып, чиркөөдө епископтон кийинки орунду ээлешкен. Аббат – католик чиркөөсүндөгү поптордун жана жогорку дин кызматкерлеринин жалпы аталышын да билдирет.