АБАСОВ Руслан Акылбекович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:52, 24 Май (Бугу) 2023 карата imported>Dilde (Dilde moved page АБАСОВ to АБАСОВ Руслан Акылбекович) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБАСОВ Руслан Акылбекович (5. 11. 1976, Чүй обл., Токмок ш.– 27. 03. 2014, ошол эле жер)–бокс б-ча эл аралык класстагы спорт чебери. Дүйнөгө таанымал спортчу. Кыргыз Республикасынын кикбоксинг б-ча эмгек сиңирген спортчусу. Бокс б-ча Кыргызстандын 1995-жылкы чемпиону; Кыргыз Респ-нан 2002-жылкы спартакиядасынын жана

Файл:АБАСОВ15.png

эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү; 2002-ж. Пусанда (Корея Респ.) өткөн Азия оюндарынын катышуучусу; Гуанчжоудагы (Кытай) Азия чемпионатынын (2004), ушу-саньда б-ча дүйнөлүк чемпионатынын (1996) күмүш медалынын ээси; Евразия жана эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү. 1996-жылдан «Гермес-Профи спорт клубунда» (А. Войнов жетектеген) кикбоксинг б-ча машыга баштаган. Алгач оор салмак б-ча (91 кгдан жогору) Кыргыз Респ-нын (1998, 2000, 2001), Европанын (2003), Азиянын (2000), Евразиянын жана дүйнөнүн 2 жолку (1999, 2003), о. эле дүйнөнүн (2002) жана интерконтинент кубокторунун 2 жолку (2004, 2005) чемпиону, Кыргыз Респ-нын Президентинин кубогунун жана эл аралык беттешүүлөрдүн (Кыргызстан – Россия, Кыргызстан – Италия, Кыргызстан – Франция, Кыргызстан – Ливан ж. б.), эл аралык турнирлердин жеңүү чүсү. А. 2003-ж. «Жылдын мыкты спортчусу» аталган. Б.Үсөнканов.