АБАЛ ПАРАМЕТРЛЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:18, 29 Ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБАЛ ПАРАМЕТРЛЕРИ, т е р м о д и н а м и к а л ы к п а р а м е т р л е р – термодинамикалык системанын абалын мүнөздөөчү физикалык чондуктар. Аларга температуpa, басым, көлөм, магниттелишкен электр поляризациясы ж. б. кирет. Абал параметрлери экстенсивдүү жанa интенсивдүү болуп эки түргө бөлүнөт. Экстенсивдүү абал параметрлери көлөм, ички энергия, энтропия, энтальпия ж. б. системанын массасына пропорциялаш. Интенсивдүү абал параметрлери системанын массасына көз каранды эмес, аларга басым, температура, концентраттык, магниттик индукция ж. б. кирет. Тең салмактуу системанын абалын саналуу гана аба параметрлери менен белгилөөгө болот.