АБАЛ ПАРАМЕТРЛЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:35, 28 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБАЛ ПАРАМЕТРЛЕРИ, т е р м о д и н а м и к а л ы к п а р а м е т р л е р – термод. системанын абалын мүнөздөөчү физ. чондуктар. Аларга темп-pa, басым, көлөм, магниттелиш, электр поляризациясы ж. б. кирет. А. п. экстенсивдүү ж-a интенсивдүү болуп эки түргө бөлүнөт. Экстенсивдүү А. п. көлөм, ички энергия, энтропия, энтальпия ж. б. системанын массасына пропорциялаш. Интенсивдүү А. п. системанын массасына көз каранды эмес, аларга басым, темп-ра, концент., магниттик индукция ж. б. кирет. Тең салмактуу системанын абалын саналуу гана А. п. м-н белгилөөгө болот.