АБАКИРОВ Сабыр

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:26, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБАКИРОВ Сабыр (1920-жылы туулган, Нарын облусу, Кочкор району, Фрунзе атындагы колхоз) — малчы, Кыргыз ССРинин илим жанa техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1974). 1935-жылдан Тянь-Шань районундагы № 53 жылкы заводунда (кийин Тянь-Шань мал чарба тажрыйба станциясы) чабандын жардамчысы, баш чабан, 1967-78-жылдары Улакол бөлүмүнүн башчысы, 1979-80-жылдары асыл тукум кой өстүрүү бригадасынын бригадири. Бригада 1979-жылы ар жүз тубар койдон 120дан козу, 4,6 килограммдан жүн кыркып алган. «Тянь-Шань коюн» чыгаргандардын бири. Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.