АБАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:42, 20 Июль (Теке) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБАК (гр. abax - эсеп тактасы) – 1) бети тилкелерге бөлүнгө эсеп тактайчасы. Aбакта майда таш, сөөк жылдырылып (орус эсеп чотундай эле), арифметикалык эсептөөлөр жүргүзүлгөн. Абакты 18-кылымга чейин Байыркы Грекияда, Римде, кийинчерээк Европада арифметикалык эсептөөлөр үчүн колдонушкан. ЫраакыЧыгыш өлкөлөрүндө Абактын «суанпан», Россияда «счёты» деген түрлөрү колдонулган; 2) кылмышкерлерди камоочу жай, түрмө; 3) архитектуралык ордерде колонна, жарым колонна, пилястра капителдеринин үстүңкү плитасы; четтери тик квадрат (дорий, ионий ордерлери) же иймек (коринф ордери) форматка ээ.