АБАЙЫ
АБАЙЫ – кооздоп саймаланган, жибек тыштуу ат жабуу. Жибектен тигилип, чети асемделип, кыргагына чачы тагылып, баркыт же манат м-н көбөөлөнгөн. А. кыргыз көчүндө кыз-келиндердин минген атына жабылган, о. эле кыздын себине же тартуу катары да берилген. Бүгүнкү күндө улуттук майрамдарда колдонулат.