АБАД

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:36, 10 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБАД а б а т, а в а т – калк жашоого ылайыкташтырылган жай. Өз алдынча колдонулбайт, көбүнчө географиялык аттардын 2-компонентин түзөт. Мааниси боюнча иштетилген, жакшыртылган, турак-жайлар курулуп калган, суу чыгарылган жайлар дегенди билдирет. Түштүк Кыргызстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда, Афганстанда шаарлардын, калктуу пункттардын энчилүү аттарын туюндурат: Жалал-Абад (Жалал-Абат), Бек-Абад жана башкалар.