АБА МЕНЕН ЖЫЛЫТУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:21, 8 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБА МЕНЕН ЖЫЛЫТУУ – ысытылган аба жиберип, имаратты жылытуу системасы. Ал к а й р а а й л а н у у ч у (жылыткычка берилген аба жылытылып жаткан бөлмөнүн ичинен алынат) жана ж е л д е т к и ч м е н е н б и р г е л е ш к е н (жылыткычка берилген абанын жарымы жылытылып жаткан имараттан, ал эми калганы сырттан алынат) жылыткыч болуп айырмаланат. Мындай системада абаны алмаштыруу табигый (температуралар айырмасынан жана аба тыгыздыгынан) же мажбурлоо менен (желдеткичтин жардамы менен) болушу мүмкүн. Ал борбордук (бир агрегат бир нече бөлмөнү тейлейт) жана жергиликтүү (жылытылуучу бөлмөгө коюлган) жылытып-желдеткич агрегаттар менен ишке ашырылат.