АБА МЕНЕН ЖЫЛЫТУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:54, 13 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата imported>Жакут тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБА МЕНЕН ЖЫЛЫТУУ – ысытылган аба жиберип, имаратты жылытуу системасы. Ал кайра айлануучу (жылыткычка берилген аба жылытылып жаткан бөлмөнүн ичинен алынат) жана желдеткич менен биргелешкен (жылыткычка берилген абанын жарымы жылытылып жаткан имараттан, ал эми калганы сырттан алынат) жылыткыч болуп айырмаланат. Мындай системада абаны алмаштыруу табигый (температуралар айырмасынан жана аба тыгыздыгынан) же мажбурлоо менен (желдеткичтин жардамы менен) болушу мүмкүн. Ал борбордук (бир агрегат бир нече бөлмөнү тейлейт) жана жергиликтүү (жыльггылуучу бөлмөгө коюлган) жылытып-желдеткич агрегаттар менен ишке ашырылат.