АБА ЖОЛУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:03, 11 Июль (Теке) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБА ЖОЛУ, а б а т р а с с а с ы – географиялык белгилүү жайлардын ортосунда самолёттор үчүн абада белгиленген атайын тилке. Аба жолу өткөн жерлерде самолёттор учуп-коно турган аэропорттор болот да, алар учуу коопсуздугун камсыз кылуучу аспаптар менен жабдылат. Анда учуу аэродромдогу радиотехникалык каражаттардын жардамы менен ишке ашырылат. Аба жолу жергиликтүү жанa эл аралык болуп бөлүнөт. Жергиликтүү Аба жолунда ири райондорду, шаарларды республиканын жанa облустун борборлоруна катыштыруу уюштурулат. Кыргызстандын биринчи Ташкент – Пишпек – Алматы Аба жолу 1924-жылы 3-майда ачылган. 1930-жылы Фергана – Анжиян аркылуу Фрунзе – Ош, 1933-жылы 7-ноябрда Фрунзе - Пржевальск, 1935-жылдан түз учуучу Фрунзе - Ош каттамы түзүлгөн. 1975-жылы Кыргыз жарандык авиация башкармасы тейлеген Аба жолу Кыргызстандын көпчүлүк жерин жанa союздун 19 шаарын байланыштырып, анын жалпы узундугу 60 миң кмге жеткен. Азыр (2005) КР боюнча аба трассасынын жалпы узундугу 3533 км.