АБА БУРАЛГЫСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:24, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБА БУРАЛГЫСЫ пропеллер (лат. propellere - айдоо, түртүү) – айланганда абаны артка шилөө менен тартуу күчүн пайда кылуучу калактуу жылдыргыч. Аба буралгысын 1475-жылы Леонардо

Файл:АБА БУРАЛГЫСЫ7.png

да Винчи сунуш кылган, 1912-жылы Н. Е. Жуковский өрчүткөн. Аба буралгысы кыймылдаткычтын огуна кийгизилген күпчөктөн жана ага бекитилген түрдүү түспөлдөгү калакчалардан турат. Ал учуучу, аба жаздыктуу аппараттарда, аэрочанада колдонулат. Кыймылдаткычынын кубаттуулугуна жараша эки, үч жана көп калакчалуу болуп жасалат. Тартуу күчүн чоңойтуучу жана кубаттуулуктун коромжусун азайтуучу октош (кийиштирилген) жана бири-бирине тескери айланган аба буралгысы пайдаланылат.