АБА БУРАЛГЫСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:46, 2 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Jortbek тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБА БУРАЛГЫСЫ пропеллер (лат. propellere - айдоо, түртүү) – айланганда абаны артка шилөө м-н тартуу күчүн пайда кылуучу калактуу жылдыргыч. А. б-н 1475-ж. Леонардо

Файл:АБА БУРАЛГЫСЫ7.png

да Винчи сунуш кылган, 1912-ж. Н. Е. Жуковский өрчүткөн. А. б. кыймылдаткычтын огуна кийгизилген күпчөктөн ж-а ага бекитилген түрдүү түспөлдөгү калакчалардан турат. Ал учуучу, аба жаздыктуу аппараттарда, аэрочанада колдонулат. Кыймылдаткычынын кубаттуулугуна жараша эки, үч ж-а көп калакчалуу болуп жасалат. Тартуу күчүн чоңойтуучу ж-а кубаттуулуктун коромжусун азайтуучу октош (кийиштирилген) ж-а бири-бирине тескери айланган А. б. пайдаланылат.