АБА АГЫМЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:33, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБА АГЫМЫ – тропосферада жана стратосферада жаралып, зор мейкиндикти ээлеген шамалдар системасы. Атмосферанын жалпы циркуляциясына (циклондор, антициклондор, муссондор, пассаттар) кириши же жергиликтүү мааниге ээ болушу (бриз, тоо-өрөөн шамалдары жана башка) ыктымал.