АБА, байке

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:23, 10 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБА, б а й к е – кыргызда кичүүлөрдүн жашы улуу эркектерди ызааттап кайрылышы, урматтап аташы же чакырышы. Кээ бир жерде кичүүлөр аталаш же жатындаш агасын аба деп айтышат. М. Кашгаринин сөздүгү боюнча тибет (тубут) тилинде бул сөз «ата» менен бирдей, маанилеш экени айтылат.

Ад.: Махмуд ал-Кашгари. Диван Лугат ат-Турк. /Пер., предисловие и комментарии З.-А. М. Ауэзовой. А., 2005.