«БААТЫРЛАР АЛЛЕЯСЫ» МЕМОРИАЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:09, 3 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«БААТЫРЛАР АЛЛЕЯСЫ» МЕМОРИАЛЫ ‒ Бишкек ш-нын Жаш гвардия бульварында курулган скульптуралык мемориал комплекс. Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 30 жылдыгына карата карата 1975-ж. ачылган. Сов. Союз. Баатырлары Ч. Түлөбердиев, Д. Шопоков, Н. Я. Ананьев, Г. Е. Конкин, И. В. Москаленко жана Г. А. Петренконун бюсттары, кыргызстандык Сов. Союз. Баатырларынын жана Даӊк орденинин толук кавалерлеринин ысмы жазылган мемориал такта орнотулган (скульпторлор: Т. Садыков, Г. Тупый, В. Шестопал, Т. Досмагамбетов, З. Хабибуллин, А. Мухитдинов; арх. В. В. Курбатов).