«АППЛЕ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:22, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«АППЛЕ» (Эпл) (англ. Apple Computer corporation) – микропроцессор, жеке компью­тер, серверлерди өндүргөн жана бул багыт боюнча алдынкы орунда туруп, компьютер үчүн иштетүү системаларын, программалык жабдыктардын кеңири номенклатурасын иштеп чыккан кор­порация. АКШда түзүлгөн. «Аппле» компьютери жо­горку мүмкүнчүлүктөргө ээ, тейлөөсү жөнөкөй. «Аппле» компьютерин иштетүү системаларынын ке­ңири белгилүүлөрү UNIX, Copland жана MacOS. «Apple кызматташтыгынын ачык чөйрөсү» колдонмо процесстердин АОСЕ аттуу интерфейс тобун жарыялаган, ал кеп (речь) почта жана элек­трон почтасын, электрон таблицасын, факс байланышын, радио чакыруу түзүлүшүнүн иштешин колдойт, ошондой эле тармак компьютерлерин сунуш кылат.