«АНАР» балети

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:12, 18 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«АНАР» – кыргыз балети. Либреттосу К. Эшмамбетов менен Н. С. Холфиндики. Музыкасы композитор В. А. Власов менен В. Г. Ференики (балетти койгон – Н. С. Холфин жана В. В. Козлов, дирижёру – В. И. Чернов, сүрөтчүсү – Я. 3. Штоффер). 1940-ж. 7-ноябрда Фрунзедеги музыкалык драма театрында коюлган. «Анар» балети – кыргыз хореография өнөрүндөгү саамалык. Мында Октябрь революциясына чейинки турмушггук көрүнүштөр сүрөттөлөт. Окуя бир айылдын сулуусу Анар (А. Молдобаева, Г. Худайбергенова) менен койчу жигит Кадырдын (А. Мамакеев) тунук махабатынын жана алардын бактысына бөгөт болгон карамүртөз, ачкөз манап Багыштын (Г. Автандилов) ортосундагы күрөшгүн айланасында өнүгөт. Балет 1957-ж. 2-жолу редакцияланып, кыргыз адабияты

Файл:«АНАР» 70.png
«Анар» балетинен көрүнүш. 1957-ж.

менен искусствосунун Москвада өткөн 2-декадасында (1958) көрсөтүлгөн (Анар – Б. Бейшеналиева, А. Хандранова, Кадыр – У. Сарбагышев, Батыш – А. Карасев, Б. Суслов, балетмейстери - Н. С. Холфин, дирижёру – К. Молдобасанов, сүрөтчүсү – А. Молдахматов). «Анар» азыркы күнгө чейин театр сахнасында коюлуп келе жатат.