«АЛТЫН КЫЗ» драмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«АЛТЫН КЫЗ» – кыргыздын алгачкы музыкалык драмасы. Либреттосун Ж. Бөкөнбаев, музыкасын Власов менен В. Фере жазган. Адегенде 1937-жылы кыргыз драма
театрында (реж. Ө. Жетикашкаев, балетмейстери – Н. Холфин, сүрөтчүсү – Г. Айтиев, дирижёру – Ш. Орозов, хормейстери – П. Меркулов), кийин 1949-жылы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында (реж. А. Куттубаев, К. Эшимбеков, дирижёру – А. Жумакматов, сүрөтчүсү – А. Арефьев) коюлган. Башкы ролдорду аткаргандар: А. Куттубаева (Чынар), А. Боталиев (Жалар), А. Малдыбаев (Кузнецов), Б. Бейшенбаева (Чынардын энеси), М. Кыштообаев (Берик дубана), К. Жантөшев (Момуш), К. Эшимбеков (Калыбек ырчы). Драмада коллективдештирүү мезгилинде кыргыз элинин турмушундагы орчундуу учурлар: жаңыча жашоого умтулган жалындуу деми, эркин эмгеги, келечекке болгон ишеними, жаңы коомдун түзүлүшү менен кошо жаралып жаткан жаңыча маанилердин орношу баяндалат. Кыргыз угармандарынын көркөм табит-таламдарына жакын элдик күү-обондордун негизинде жөнөкөйлөштүрүлүп жазылган «Алтын кыз» узак убакыттар бою сахнада коюлуп келген. 1974-жылы В. Власов менен В. Фере ага толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизип, тереңдетип иштеп чыгып, операга айланткан.

Файл:«АЛТЫН КЫЗ» 9.png
«Алтын кыз» драмасынан көрүнүш.