«АЛТЫН ДАН»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:21, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

"АЛТЫН ДАН" – ачык акционердик коом. Балыкчы шаарында жайгашкан. Мурдагы «Эгин топтоо» чакан элеваторунун буудай кампаларынын базасында (1928-32-жылдары) уюшулган. 1954-71-жылдарда реконструкцияланган, жаңы тегирмендер, буудай сактоочу кампалар курулган. 1994-жылы тегирмен кайрадан реконструкцияланып, швейцариялык «Бюллер» фирмасынын вальцалык станоктору коюлган. Стандарттык салмагы 45 кг. 1-сорттогу ун чыгарат. Келечекте кондитердик, макарон, консерва цехтерин ачуу пландаштырылууда.