«АЛТЫ БАКАН»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:13, 8 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«АЛТЫ БАКАН»селкинчек оюнунун бир түрү. Көчмөн кыргыз элинин эзелтеден кеңири тараган оюну. Селкинчекти кыз жигиттер жайлоодо, айыл четинде, айдын жарыгында тебишкен. Бакандарды (шыргыйларды) үч-үчтөн бириктирип, башын бууп, 2,5–3 м аралыкта эки жагына орнотот.

Файл:«АЛТЫ БАКАН» 4.png

Алты бакандын үстүнө туурасынан устунча бекитилет. Алты баканга үч аркан байланып, селкинчек курулат. Эки аркан бел сүйөгөнгө ылайыктап өйдөрөөк, бир аркан таман (бут) койгонго төмөнүрөөк тартылат (кийинки мезгилде таман арканынын ордуна жеңил тактайлар колдонулуп жүрөт). «Алты бакан» селкинчек тебүү кезек м-н улантылат. Оюн-күлкү, тамаша, ыр, бий м-н коштолот.