«АЛГА» футбол командасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:20, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

"АЛГА" ‒ Бишкектин футбол командасы. 1955-жылы «Спартак» ыктыярдуу спорт коомунун республикалык жыйынында «Спартак» деген ат менен түзүлгөн. 1960‒94-жылдары «Алга» деп аталган. 1956‒63-жылдарда СССРдин футбол боюнча биринчилиги үчүн «Б» классындагы командалар арасында ойногон. 1963-жылдан «А» классынын 2-лигасында ойнойт. 1970, 1973, 1975-жылдарда жана 1979-жылы «А» классынын 1-лигасында ойногон. Команданын көпчүлүк футболчулары спорт чеберлери наамына ээ болушкан. Чет өлкөлүк улуттук жана клубдук командалар менен 30дан ашуун эл аралык жана жолдоштук беттешүү өткөргөн. «Алга» үчүн жаш спортчулар «Жаштык» (1981) командасында даярдалат. 1982-жылдан «Алга» спорт коомунун республикалык советинин карамагына кирген. «Алга» командасында СССР спорт чеберлери Н. Емцов, Ю. Мусаев, Г. Мерзликин, Д. Бибаев, З.Султанов, Б.Стрельцов, М. Тягусов, Г.Шевченко, П. Шубин, В. Фомин жана башка футболчулар ойногон.